БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кытайга мамлекеттик сапар менен барган президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду.
"Салтанаттуу жолугушууу аземине балдар катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты. Жолугушуунун расмий аземинен жана делегацияларды тааныштыргандан кийин мамлекет башчылары кеңири курамда сүйлөшүү үчүн залга бет алышты", — деп айтылат маалыматта.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары үч күнгө созулат. Анын жүрүшүндө Жээнбеков Цзиньпин, КЭР мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат.
Андан соң 9-10-июнь күндөрү ШКУ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин саммитине катышмакчы.