Сокулук райондук жана Чүй облустук милициясынын кызматкерлери киши өмүрүнө забын болгон кырсыкка шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын айтымында, кармалган киши 6-апрелде болжол менен 23.30дарда BMW унаасы менен келе жатып жөө кишини сүзүп алганын мойнуна алган. Андан соң коркуп кетип кырсык болгон жерден из суутуп кеткен да, унаасын тааныштарынын үйүнө коюп койгон. Ушу тапта шектүү Сокулук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
Кырсыктан 47 жаштагы кишинин мертингени айтылган.
Наезд на 47-летнего пешехода в селе Сокулук
© Фото / пресс-служба УОБДД Чуйской области