Минскиде Чыңгыз Айтматов атындагы парк пайда болду

Жаңы сейил бак тууралуу кенен маалымат азырынча көпчүлүккө ачыктала элек, бирок депутаттардын тийиштүү чечим кабыл алганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Белоруссиянын борбору Минск шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атындагы парк пайда болгону тууралуу маалымат өлкөнүн Улуттук укуктук интернет порталына жарыяланды.

Мындай чечим 29-май күнү Минск шаардык депутаттардын кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Документте Плеханов, Ванеев жана Райнис көчөлөрүнүн кесилиши Айтматов атындагы парк болору жазылган. Башка маалымат азырынча жок.

Баса, буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу тапшырмасын берген.