Кара-Сууда каналга түшүп кеткен Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу каза болду

Мерт кеткен айдоочу 60 жашта экени белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда Daewoo Matiz унаасы сууга түшүп, айдоочусу каза тапканын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-июнь күнү саат 19.30да болгон. Унаа Нариман айыл аймагындагы Осмонов жана Ленин айылдарынын ортосунда Южный каналына түшүп кеткен.

Мерт кеткен айдоочу 60 жашта экени белгилүү болду.