Бишкектин борборунда кыз ала качууга каршы флешмоб өттү

Ала качып кетип милиция бөлүмүнөн өлтүрүлгөн 19 жаштагы кыздын резонанстуу өлүмүнөн кийин активисттер кыргызстандыктарды кыз ала качууну токтотууга чакырды.
Sputnik

РИИБде бычакталган кыз: президенттин сөзүнөн кийин жетекчилер иштен алынды
Ала-Тоо аянтында окуучулар менен студенттер катышкан эрте күйөөгө чыгууга жана ала качууга каршы флешмоб өтүүдө. "Биз, жаштар — кыз ала качууга жана эрте турмуш курууга каршыбыз!" аттуу акциясы 10:00дө башталды.

Активисттер флешмобду 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши тарабынан Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып барып өлтүрүлгөн 19 жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмүнө байланыштуу уюштурууда.