Кытайдан Сооронбай Жээнбековду ким кантип тосуп алды. Сүрөттөр

КР президенти Кытайда беш күн жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен учуп барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду аэропорттон өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапар менен учуп барган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду аэропорттон өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Чжан Ханхуэй тосуп алды
2 / 4
Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген
3 / 4
Мамлекеттик сапардын алкагында Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Мамлекеттик Кеңештин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат
4 / 4
Ал эми 8-10-июнда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына учуп кетет.

Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Сооронбай Жээнбековду Кытайга коштоп кеткендердин тизмеси
Мамлекеттик сапардын алкагында Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Мамлекеттик Кеңештин премьери Ли Кэцян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Ал эми 8-10-июнда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Циндао шаарына учуп кетет.

Эскерте кетсек, саммитте Кытай тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешине төрагалык мөөнөтү аяктап, аны 2018-2019-жылдарга Кыргызстанга өткөрүп берет.

Мындан тышкары, Жээнбековдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.