Кытайга Кыргызстанда электромобилдерди курай турган завод ачуу сунушталды

Президент Сооронбай Жээнбеков заводдун ачылышы эки тарапка тең пайда алып келерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен болгон жолугушууда Кыргызстанга электромобилдерди курай турчу завод ачууну сунуштады.

Жээнбеков 6-июнда Кытайга мамлекеттик сапары менен келип, ал үч күнгө созулат.

"Акыркы убакта "жашыл" экономика өтүү тенденциясы тууралуу көз болуп Жээнбеков кытай тарапка Кыргызстанда электромобиль чыгара турган биргелешкен завод ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады", — деп өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Кытайда кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйтүүнү сунуштады
Жээнбеков ошондой эле Кыргызстан кытайдын электромобилдерин Борбор Азия мамлекеттери менен ЕАЭБге экспорттоого аянтча болуп бере аларын кошумчалаган.

КР президенти мамлекеттик сапардын алкагында эми Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцянь менен жана Жалпы Кытай элдик кеңеши комитетинин туруктуу төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугат.