Карыпбеков: КТРКнын бир жылдык бюджети үчүн 1,5 миллиард сом сурайбыз

КТРКнын директору бюджеттен бөлүнгөн каражат кандай жумшала турганын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. КТРКнын директору Илим Карыпбеков телеканал үчүн жылына 1,5 миллиард сом керек экенин парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште КТРКнын байкоочу кеңешинин отчету каралып жатат.

Карыпбеков бирок телеканал үчүн жылына 400 миллион сом гана бөлүнөрүн белгиледи.

"400 миллион сомдун 200 миллиону ретрансляцияга кетет, калган 200 миллион сомдун 90 пайызы айлык акы менен социалдык фондго жумшалат", — деди ал.

Парламентте Илим Карыпбеков менен каржы министринин орун басары айтыша кетти
Карыпбеков ошондой эле телеканалда миң киши иштей турганын кошумчалады.

Депутаттар ошондой эле КТРКда балдарга арналган программалар аз экенин айтып, кыргыз тилиндеги мультфильмдерди көрсөтүү керектигин сунушташты. КТРКнын директору балдар программаларын даярдоодо кыйынчылыктар бар экенин айтып, анимациялык иштер менен технология кымбат турарын билдирди. Ошондой эле кыргыз тилинде мультфильмдер дээрлик тартылбай турганын айтты.