Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун канааттандырды

КТРКнын Байкоочу кеңеши парламентте жасаган иштери боюнча отчет берди.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүнкү жалпы жыйында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчетун канааттандырды.

Депутаттардын 75и отчетту колдоого алса, 10 депутат каршы добуш берген.

Жалпы токтомго Дастан Бекешев 1,5 миллион сомду сурдокотормого кароо керек деген сунушун берсе, Айнуру Алтыбаева Эсеп палатасы КТРКга кеткен акчанын жумшалышын териштирсин деген сунушун айтып, жалпы жонунан отчет жактырылды.