БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бейшемби күнү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 27…32, Таласта 25…30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 28…33, Ысык-Көл менен Нарында 20…25 градус жылуу болушу күтүлөт.
Бишкек менен Ош шаарында күн ачык болуп, 30…32 градус ысык болот.