Радио

Рысалиев: алтай эли кыргызстандык өнөр адамдарды чакырууда

"Арашан" ансамблинин жетекчиси Токтогул Рысалиев алтай эли менен кыргыз элинин ортосундагы маданият алакасы жанданып жаткандыгын айтты.
Sputnik
Рысалиев: алтай эли кыргызстандык өнөр адамдарды чакырууда

Алтайлыктар ноябрь айында концерт коюу үчүн Кыргызстандын өнөр адамдарын чакырып жатат. Бул тууралуу Токтогул Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алтайлыктар кыргыз элин өзгөчө баалап келет.

"Алтайлык өнөр адамдары 7-июнда Бишкекте өзгөчө концерт берүү алдында турат. Мындан сырткары, алар кайра ноябрь айында бизди чакырууда. Учурда даярдыктар башталды. Алар негедир кыргыздарды өзгөчө баалап келет. "Манас" айтып жатканда көзүнөн жаш тегеренип, берилүү менен уккан алтайлыктарды көрүп таң калгам. Эки элдин ортосундагы маданиятты бекемдеп, жандандырууга болгон аракетибизди жумшап жатабыз", — деди Рысалиев.

Ал Бишкекке келген алтайлыктардын кубанычында чек жок экенин кошумчалады.