Эл Абылгазиев жана вице-премьерлер менен кантип жолукса болот. График

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен вице-премьерлердин 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата элди кабыл ала турган графиги бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Түзүлгөн график төмөнкүчө:

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев — 24-июль, 28-август, 25-сентябрь, 23-октябрь, 27-ноябрь, 25-декабрь күндөрү кечки саат 17.00дөн 19.00гө чейин жарандарды кабыл алат;

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов — 18-июль, 15-август, 19-сентябрь, 17-октябрь, 21-ноябрь, 19-декабрь күндөрү саат 17.00дөн 19.00гө чейин кабылдайт.

Коопсуздук, тартип жана чек ара маселеси боюнча вице-премьер Жеңиш Разаков — 17-июль, 21-август, 18-сентябрь, 16-октябрь, 20-ноябрь, 18-декабрь күндөрү саат 17.00дөн 19.00гө чейин кабыл алат;

КР өкмөт башчысы Instagram тармагында баракча ачты. Эмне тууралуу жазууда
Социалдык маселелер боюнча вице-премьер Алтынай Өмүрбекова — 25-июль, 22-август, 26-сентябрь, 24-октябрь, 28-ноябрь, 26-декабрь күндөрү саат 17.00дөн 19.00гө чейин кабылдайт;

Экономика жана инвестиция маселелери боюнча вице-премьер Замирбек Аскаров — 19-июль, 16-август, 20-сентябрь, 18-октябрь, 22-ноябрь, 20-декабрь күндөрү саат 17.00дөн 19.00гө чейинэл менен жолугат.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси — министр Мурат Мукамбетов — 26-июль, 23-август, 27-сентябрь, 25-октябрь, 29-ноябрь жана 27-декабрда саат 17.00дөн 19.00гө чейин кабыл алат.