Радио

Жусупбекова: көп тилдүү билим берүүдө Кыргызстан алдыда келе жатат

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова учурда өлкө аймагында 78 орто мектеп, 18 бала бакча жана 5 ЖОЖ көп тилдүү билим берүү системасы менен иштегенин айтты.
Sputnik
Жусупбекова: көп тилдүү билим берүүдө Кыргызстан алдыда келе жатат

Көп тилдүү билим берүүдө Кыргызстан алдыда келе жатат. Биз бул жерде жашаган үчүн өзубүзгө билинбейт, бирок кошуна мамлекеттерге салыштармалуу билим берүүнүн ушул жаатында бир топ алдыдабыз. Мындай пикирин Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоорду ата-энелер да, окуучулар да жакшы колдоп жатышат.

"Долбоордун алкагында кыргыз тили, орус тили жана дагы бир чет тили тандалып алынат. Сабактар ушул үч тилде өткөрүлөт. Мисалы математика, тарых деген сабактарын орус тилинде өтүп жатса, география, биология кыргыз тилинде, дагы башка сабактары ошол тандалып алынган чет тилинде өткөрүлөт. Бул окуучулардын сабак менен бирге тил үйрөнүүсүнө жакшы шарт түзөт. Бала мектепти бүткөндө үч тилде эркин сүйлөп калат", — деди Жусупбекова.

Ал көп тилдүү билим берүү жолу менен сабак өтүүчү мугалимдер атайын бир жыл даярдыктан өтөрүн кошумчалады.