Куру убара! Куурап калган 9000 сомдук көчөттөр алмаштырыла баштады

5-6-июнь күндөрү Бишкекте жалпы жонунан 31 көчөт жаңыланган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Борбор калаада куурап калган 9000 сомдук көчөттөр алмаштырылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Зеленхоз" ишканасынын маалымат кызматы айтып берди.

Билдирүүгө ылайык, 5-6-июнь күндөрү Бишкекте жалпы 31 көчөт жаңыланган.

"Медеров көчөсүнө отургузулган 116 көчөттүн куурап калган үчөө жаңыланса, Түштүк магистралды бойлото тигилген көчөттөрдүн 28и алмаштырылды. Учурда Тыныстанов көчөсүндөгү куурап калган талдар инвентаризациядан өтүп, текшерилип жатат. Эки жуманын ичинде куурап калган бактын баары жаңыланат. Көчөттүн баарын келишим түзүлгөн "Арт Грин" компаниясы акысыз берүүдө", — дешти ишканадан.

Бишкек мэриясы багбандардан 527 гектар жерди "талашып" жатат. Окуянын чоо-жайы
Эскерте кетсек, мэрия чет өлкөдөн жалпы баасы 13 миллион 763 миң сомдук көчөттөрдү сатып алган. Наркына нааразы болгон коомчулукка "Зеленхоз" себебин да түшүндүрүп берген.

Кийинчерээк Sputnik Кыргызстан агенттиги 9000 сомдук көчөттөрдү видеого тартып жүрүп, көбү куурап калганына күбө болгон. Көп өтпөй УКМК мэрия тарабынан ар бири 9 миң сомдон сатып алынган көчөттөр боюнча Кылмыш жаза кодексинин үч беренеси менен кылмыш ишин козгогон