Окумуштуулар узак өмүр сүрүүнүн сырын ачты

Сейилдеп жөө басуунун таасири 60 жаштан өйдө курактагы кишилерде көбүрөөк байкалган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жай баракат сейилдеп жүрүүгө салыштырмалуу бат-баттан басуу өмүрдү узартат. Окумуштуулардын бул иликтөөсүн British Journal of Sports Medicine журналы жарыялады.

Кадимки сода ракты айыктырууга кантип жардам берери аныкталды
Сидней университетинин илимпоздору Англия менен Шотландияда текшерүүдөн өткөн 50 225 адамдын маалыматын карап чыгышкан. Анда катышуучулар жөө жүрүүдө кандай темпте (жай, орто, бат) басарын көрсөтүшкөн. Адистер алардын жаш курагы, жынысы, жалпы активдүүлүгү жана тулку боюн эске алып маалыматты такташкан.

Белгилүү болгондой, орто темпте жөө басуу жай жүрүүгө караганда өлүп калуу ыктымалдуулугун 20 пайызга азайтат. Ал эми бат баскандардыкы 24 пайызга төмөн болот.

Ошол эле учурда сейилдеп жөө басуунун таасири 60 жаштан өйдө курактагы карыларда көбүрөөк байкалган.