Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Шаршемби күнү республиканын тоо этектерине жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кыргызстан таштандыга көмүлүп калды. Активисттер өлкөнү тазалоого чакырууда
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө абанын температурасы 26…31 градуска жетсе, Таласта 24…29 градус ысык болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 27…32 градус нөлдөн жогору болору айтылды. Ысык-Көлдө 20…25, Нарында 19…24 градус жылуу болмокчу.

Бишкекте күн ачык болуп, күндүн табы 29…31 градуска чейин жогорулайт. Ал эми Ош шаарында 30…32 градус ысык болору божомолдонду.