БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин эс алуу учурунда жашырынып жүрүү туура эместигин айтып, белинен өйдө жылаңач болуп түшкөн сүрөттөрүнө түшүндүрмө берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
РФ өлкө башчысы Австриянын ORF телеканалына маек курган. Анын жүрүшүндө журналист Россия президентинин "жарым жылаңач сүрөттөрү Кремлдин сайтында кайдан пайда болуп жатканына" кызыккан.
"Эс алып жатканда жашырынып жүрүү туура эмес деп эсептейм. Мындан жаман нерсе издөөнүн кереги жок", — деди Путин.
"Жок, бул туура эмес пикир. Россия — демократиялык өлкө, биз баарыбыз учурдагы Конституцияга ылайык жашайбыз", — деди өлкө башчы.
45 мүнөткө созулган маек учурунда Путин президенттиктен кийин алектене турган ишин да өзү тандай турганын айтып, улам сөзүн бөлгөн журналистти немис тилинде да сабырдуу болууга чакырып өттү.