Өкмөт кылмыштарды каттоонун электрондук китебин түзүүнү пландап жатат

Өкмөт электрондук китеп — тергөө жүргүзүүнүн транспаренттүүлүгүн камсыздап, укук коргоо органдарынын коррупциогендик деңгээлин кыскартат деп ишенүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков бүгүн, 5-июнда, кылмыштарды каттоонун электрондук китебин жана кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын алкагында жазык статистикасынын функциялары Башкы прокуратурага берилгени айтылат.

Кеңешменин жүрүшүндө электрондук китепти ишке киргизүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулган.

"Жыйында реформанын алкагында укук коргоо органдарын зарыл болгон жабдуулар менен камсыздоого, корголгон байланыш каналдарын уюштурууга, адистерди даярдоого жана окутууга байланыштуу маселелер талкууланды", — деп айтылат билдирүүдө.

РИИБде бычакталган кыз: президенттин сөзүнөн кийин жетекчилер иштен алынды
Кылмыштарды каттоонун электрондук китебинин программалык камсыздоосунун бет ачары ушул айда болору күтүлүүдө. Андан соң долбоор Башкы прокуратуранын базасында апробациядан өтөт.

"Ал эми быйыл күзүндө өлкөбүздүн бардык укук коргоо органдарында кылмыштарды каттоонун электрондук китебин толук ишке киргизүү пландаштырылууда", — деп маалыматта белгиленген.

Өкмөт электрондук китеп — тергөө жүргүзүүнүн транспаренттүүлүгүн камсыздап, укук коргоо органдарынын коррупциогендик деңгээлин кыскартат деп ишенүүдө.