Пресс-борбор

Кыргызстан таштандыга көмүлүп калды. Активисттер өлкөнү тазалоого чакырууда

Жыл сайын 5-июнда айлана-чөйрөнү коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Активисттер Кыргызстан кантип тазаланып жатканын жана бул жылга кандай иш-чаралар белгиленгенин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргызстанда өлкөнү тазалоо боюнча акция өтөт. Бул тууралуу "Эко Деми" коомдук фондусунун өкүлү Айжан Чыныбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы жыйында билдирди.

Пресс-конференция "Кыргызстан утопает в отходах. Активисты призывают помочь с уборкой мусора"

Жалпы тазалоо иштери 15-сентябрда өтүп, коомдук фонд тарабынан уюштурулуп жатат. Активисттер кайдыгер болбогон жарандарды акцияга катышууга үндөйт.

"Эгер биз экологияны азыр коргобосок, балдарыбыз таза аба менен дем ала албай калат. Биз көптөгөн акция өткөрдүк, ага 30 миңден ашык киши катышты. Эгер бул ишке жоопкерчилик менен мамиле кылсак, жыйынтыгы тез арада эле билинет", — деди Чыныбаева.

"Жашыл билик" коомдун фондусунун директору Дмитрий Андреев өлкөнү тазалоо акциясы башталганга чейин Ысык-Көл облусунда эки иш-чара өтөрүн айтып берди. Биринчиси 21-22 июлда, экинчиси 25-26-августта өтүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

Пресс-конференция "Кыргызстан утопает в отходах. Активисты призывают помочь с уборкой мусора"

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында Ысык-Көлдүн айланасын тазалап, туристтер көлдү таза көрүшүн каалайбыз", — деди Андреев.

Активисттер иш-чарага убакыт өткөн сайын көп киши катышып жатканын айтышты.