Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, коңшу өлкөнүн жоокерлери кармалды

Тажик чек арачылары буйрукка баш ийбей ок чыгаргандыктан КР чек арачылары тарабынан кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат аймагындагы "Футбол аянтчасы" деген жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда пикир келишпестик чыгып, коңшу өлкөнүн жоокерлери асманга ок атышкан. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, окуя 4-июнда саат 17:10дор чамасында болгон.

"Келишпестик тажик аскерлери тарабынан мамлекеттик чек араны бузгандан келип чыккан. Тажик чек арачылары "Футбол аянты" жеринде соода кылып жаткан КР жарандарын кууп чыккан. Кыргызстандыктар менен тажик чек арачыларынын ортосундагы жаңжал КР чек арачыларынын келиши менен жөнгө салынган. Кыргызстандын чек арачылары кесиптештерине маселени мындай жол менен чечүү туура эместигин эскертип, тажик жоокерлери тактала элек жерде мыйзамсыз жүргөнүн айтып, чыгып кетүүсүн талап кылышкан", — деп айтылат маалыматта.

Коңшу өлкөнүн жоокерлери Кыргызстандын чек арачыларынын талабын аткарбай, жаңжалдын чыгуусун шарттаган. Ошондой эле асманга ок аткандыктан КР чек арачылары тарабынан кармалган.

Билдирүүдө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөргөнү айтылат. Кошумча маалымат берилет.