Радио

Сагындык уулу: көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы шлагбаумдар мыйзамсыз

Бишкек мэриясына караштуу жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу жарандар курулуш иштерин жүргүзгөндө өзүнө тиешеси жок жерди да карамагына кошуп алууну адатка айландырып алганын айтты.
Sputnik
Сагындык уулу: көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы шлагбаумдар мыйзамсыз

Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы шлагбаумдар мыйзамсыз. Аларды алып салалы деп барсак, ошол үйдө жашаган жарандар жабылып каршы чыгып жатышат. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде Бишкек шаарындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал тосмолор убактылуу турат. Учурда бардык аймактарда жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Шаар ичинде көбүнчө көп кабаттуу үйлөрдүн алдын тосуп алуу менен мыйзам бузуп жатышат. Жаңы конуштарда өзүнө бөлүнгөн жерин чоңойтуп алганга шашылышат. Жыйынтыгында кайра эле келип жарандар өздөрү ыңгайсыздыктардан жапа чегет. Ошол жерди кайтарып берүү менен чектелип калбай, айып пул төлөөгө да мажбур болушат. Андыктан шаар тургундарын курулуш иштеринде мыйзамды сактоого чакырып келебиз", — деди Азамат Сагындык уулу.

Ал жарандарды шаардагы курулуш жаатындагы мыйзам бузууларды көргөн учурда токтоосуз мэриянын 185 кыска номерине билдирип коюусун өтүндү.