Чет өлкөгө баруунун кажети жок! Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштыра баштады

Ушу тапта бөйрөгүн алмаштырган бейтаптын абалы жакшы. Жергиликтүү дарыгерлер операцияны өздөрү жасашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 24-май күнү кыргызстандык дарыгерлер тарабынан бейтаптын бөйрөгү трансплантацияланды. Бул тууралуу аталган борбордон маалымдашты.

Билдирмеге караганда, операция профессор Камчыбек Узакбаев, Мирбек Байзаков, Назира Бейшебаеванын жетектөөсү менен жасалган.

"Дарыгерлер бейтапка тууганынын бөйрөгүн көчүрүштү. Учурда жарандын операциядан кийинки абалы жакшы. Донор беш суткадан кийин ооруканадан чыгарылса, бейтап 11 күндөн кийин үйүнө жиберилди. Лабораториялык көрсөткүчтөр канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Апа, мен сизди көрөмбү?.. Ара төрөлүп, аппаратка байланган наристелер
Жогорку Кеңештин атайын депутаттык тобу дагы бейтаптын абалы менен таанышып кайткан.

"Бүгүнкү күндө Эне жана баланы коргоо улуттук борбору бөйрөктү трансплантациялоого даяр. Мындан ары биздин жарандарга чет өлкөгө чыгуу зарылчылыгы жоюлат деп ишенебиз", — дешти борбордон.

Билдирмеде жетишкендиктер менен кошо чечилбеген маселелер дагы болуп жатканы айтылат. Тагыраагы, иммуналдык изилдөө жана иммуносупрессивдик терапияны өнүктүрүүдө көйгөй бар экени белгиленген.