Бишкектин Чүй жана Айтматов проспектилери ремонттон кийин ачылды

Жол оңдоо иштери үчүн жаңы технология колдонулууда.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй жана Айтматов проспектилери ремонт иштеринен кийин жол кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

1 / 2
Борбор калаадагы Чүй жана Айтматов проспектилери ремонт иштеринен кийин жол кыймылы үчүн ачылды
2 / 2
Айтматов проеспектисинин Семетей көчөсүнөн Аалы Токомбаевге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрдү.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульвары менен Павлов көчөсүнө чейинки бөлүгү, ал эми Айтматов проеспектисинин Семетей көчөсүнөн Аалы Токомбаевге чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрдү.

"Быйыл да былтыркыдай эле жол оңдоодо жаңы технология колдонулду. Үстүңкү катмарынын шагылы жана полимердик кошулмалары көп. Мындай ыкма дүйнө жүзүндө кеңири колдонулат. Өткөн жылы бул технология менен Гагарин көчөсүнүн 250 метрлик бөлүгү оңдолгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия быйыл Чүй проспектисинин 7-Апрелден Төрөкул Айтматовго чейинки жана Чыңгыз Айтматовдон Павловго чейинки бөлүгү да реконструкцияланарын белгиледи.