Суу камдап алгыла! Бишкектин бир катар аймагына ичүүчү суу берилбейт

Борбор калаанын мэриясы жарандарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкектин бир катар аймагында 6-июнь күнү муздак суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мээ кайнаткан ысык башталдыбы? Бир жумага карата аба ырайы
Билдирмеге караганда, "Бишкексууканал" ишканасынын кызматкерлери "Сельский" суу кампасында оңдоо иштерин жүргүзөт.

Буга байланыштуу "Туңгуч" кичи району менен "Рухий-Мурас" конушунда эртең мененки саат 9.00дөн кечки 17.00гө чейин ичүүчү суу жок болот.

Борбор калаанын мэриясы жарандарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.