Пресс-борбор

Алтайлык көмөкөй үндүү ырчылар журналисттерге өнөрүн көрсөттү

Шейшемби күнү эртең менен Алтайдын артисттери Бишкекке учуп келди.
Sputnik

Өнөр адамдары Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда маалымат жыйын курушту. Анда боло турчу концерт жана Бишкектен алган алгачкы таасирлери тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле көмөкөй менен ырдоонун сырлары менен бөлүшүп, журналисттерге аткаруучулук чеберчилигин көрсөтүштү.

"Алтай — бабалардын жери" аттуу концерт 7-июнда саат 18:30да Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болот. Анда алтайдан келген өнөр адамдары көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулайт. Аларды "Арашан" ансамбли коштойт.