Жалал-Абадда 51 жаштагы аялдын үйүнөн 0,5 кг нашаа табылды. Сүрөт

Милициянын маалыматына караганда кармалган аял буга чейин үч ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында 51 жаштагы аялдын үйүн тинтүү учурунда 490 грамм нашаа табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБден маалымдашты. 

490 грамм гашиша которую нашли у 51-летней женщины

"Криминалдык милиция мыйзамсыз негизде сакталган баңгизатын аныктады. Шектүү катары 51 жаштагы аял кармалды. Ал буга чейин үч ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (баңгизатын мыйзамсыз сактоо) кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.