БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Вознесеновка айылындагы кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Билдирмеге караганда, 22-24 жаштагы үч бала 30-31 жаштагы эки кишини сабап салган.
"17-май күнү кечки саат 21.30дар чамасында кафеде мушташ чыккан. Анын кесепетинен эки адам жабыркап аймактык ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси "ден соолукка атайылап залал келтирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 22 жаштагы эки жана 24 жаштагы бир бала кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Тергөө иштери уланууда.