Токтогул ГЭСин оңдоого кеткен 21 млн. сом: чуулуу тендер боюнча жаңы фактылар

Токтогул ГЭСин оңдоо боюнча тендерди Бишкек ТЭЦин ремонттоого катышкан фирма жеңип алган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура "Электр станциялары" ААКсы тендерди туура эмес өткөргөн деп Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу кабарды көзөмөл органынын маалымат кызматы таратты.

"Электр станциялары" ишканасы Токтогул ГЭСин оңдоо үчүн тендер жарыялап, жеңүүчүсү аныкталган. Андан соң тендерге катышкан башка компаниянын чет элдик өнөктөшү сынак туура эмес өттү деп даттанып, Мамлекеттик сатып алуулар департаментине кайрылган.

Натыйжада аталган департамент тендерди жокко чыгарып, комиссиянын чечимине каршы чыккан чет элдик фирма жеңүүчү деп табылган.

Күрпсай ГЭСи боюнча тендер: мамлекет 1,7 миллион сомдук чыгым тарткан
Мындан соң "Электр станциялары" ишканасы "жеңүүчү" менен 21 миллион сомго келишим түзгөн, бирок ал ишти тендерге катышкан кыргызстандык өнөктөш фирмасына өткөрүп берип койгон.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, бул фирма Бишкек ТЭЦинин ремонтун жасаган. Ошондой эле Токтогул ГЭСиндеги №1 гидроагрегатты ремонттобой койгон, бирок ага делген 5 миллион 702 миң сомду кайтарып берген эмес.

Аталган фактылар боюнча КРдин Кылмыш жаза кодексинин 189 (Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу), 221 (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышы) жана 304-беренелери (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.