Милицияда бычакталган кыз. Жээнбеков күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону тапшырды

Өлкө башчы үй-бүлөнү, балдарды жана аялдарды коргоо, аларга карата зомбулукка каршы мыйзамдарды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Жайыл районунун милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын өлүмүнө жол бергендер катуу жазаланышы керек. Мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып жатып бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 28-майдын түнүндө 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн. 

1 / 2
Жайыл районунун милиция бөлүмүндө бычакталган кыздын өлүмүнө жол бергендер катуу жазаланышы керек. Мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алып жатып бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
2 / 2
Мындан тышкары, өлкө башчы үй-бүлөнү, балдарды жана аялдарды коргоо, аларга карата зомбулукка каршы мыйзамдарды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

"Мындай трагедияга жол берген милициянын шалаакылыгына, кесипкөйлүгүнүн төмөндүгүнө коомчулуктун нааразы болуп жатканын түшүнүп турам. Кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдардын бардыгы жазаланып, кызматтан айдалгандан тарта кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылышын талап кылам. Укук коргоо орган кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу керек", — деди президент.

Абылгазиев бир жумадан соң РИИБде бычакталган кыздын окуясына көңүл бөлдү
Мындан тышкары, өлкө башчы үй-бүлөнү, балдарды жана аялдарды коргоо, аларга карата зомбулукка каршы мыйзамдарды күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыздын өлүмү боюнча каргашалуу окуя болгон күнү эле жыйын өткөрүлүп, ишти жеке көзөмөлүнө алганын айтты.

Ошондой эле ал Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө жол берген ар бир милиция кызматкерине тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.