Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 5-июнда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Мээ кайнаткан ысык башталдыбы? Бир жумага карата аба ырайы
Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй өрөөнүндө 23…28 градус жылуу болсо, Таласта күндүн табы 21…26 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад менен Баткенде 24…29 градус ысык болот. Ысык-Көл менен Нарында 18…23 градус жылуу болору айтылды.

Бишкекте күн ачык болуп, абанын температурасы 26…28 градуска жетсе, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Күн 27…29 градуска чейин ысый турганы божомолдонду.