Радио

Адиев: кафе, ресторандардын көпчүлүгү өрт коопсуздугун сактабайт

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев коомдук тамактануучу жайларды өрт коопсуздугуна текшерээрде он күн мурда эскертип, андан соң гана текшерүүгө мүмкүн экендигин айтты.
Sputnik
Мелис Адиев: кафе, ресторандардын көпчүлүгү өрт коопсуздугун сактабайт

Коомдук тамактануучу жайлардын көпчүлүгү өрт коопсуздугун сактабайт. Кошумча эшиктери бүтөлгөн же кырсык болуп кеткен учурда сигнал берүүчү жабдыктары иштебейт. Бул тууралуу Мелис Адиев Sputnik Кыргызстан радиосунун коомдук жайлардагы өрт коопсуздугу боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам боюнча тиешелүү органдар эскертүүсүз барып текшере албайт. Ал эми он күн мурда эскертип, андан соң текшерүүгө барганда коомдук жайлардын ээлери убактылуу абалдан чыгып кетишүүдө.

"Өрт коопсуздугуна кайдыгер карап иш жүргүзүп келгендер — кафе, ресторандар. Ал эми соода борборлору бул жаатта канааттандырарлык эле мыйзамды сактап келишет. Мектеп, бала бакчаларда да абал оор. Алардын 30 пайызы өрткө даяр эмес. Бул имараттар мамлекетке карагандыктан учурда алардын каражат маселеси чечилүүдө", — деди Адиев.

Ал ишкерлерди колдоо багытында мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргенден баштап коомдук тамактануучу жайларда өрт коопсуздугун сактоо маселеси күчөгөнүн кошумчалады.