Интернетке Мирзиёев менен Каримовдун өзгөчө видео маеги жарыяланды

Видео мындан эки жыл мурун, Мирзиёевдин өкмөт башчы болуп турган кезинде тартылып алынган.
Sputnik

Мирзиёев Путинге АКШга болгон сапары тууралуу айтып берди
Интернетке Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримов менен азыркы өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин Ташкент шаарынын архитектуралык планын талкуулап жаткандагы видеосу жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазып чыкты.

Видео 2016-жылы Мирзиёев премьер-министр болуп турган учурунда тартылган. Анда көрүнүп тургандай, саясатчылар борбор калаанын аймагындагы жаңы курулуштарды талкуулап жатышат.

Эске салсак, Каримов Өзбекстанды эгемендүүлүк алгандан бери 25 жыл бою башкарган. 2016-жылы 2-сентябрда 78 жашында жүрөгү кармап каза болгон. 

Ал эми 2016-жылдын 4-декабрында коңшу өлкөдө президенттик шайлоо өтүп, анда өкмөт башчынын кызматын аркалап жүргөн Шавкат Мирзиёев жеңишке жеткен.