Кыргызстанда пайда болгон Ravon унаасы үчүн жасалган краш-тест. Видео

Ravon үлгүсүндөгү унаалар арзан жана тетиктери жеткиликтүү болгондуктан КМШ өлкөлөрүндө популярдуу болуп барат. EuroNCAP программасы Ravon унааларынын бышыктыгын текшерип көрдү. Бул тууралуу компаниянын Россиядагы расмий дилери жазып чыкты.
Sputnik

Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Белгилей кетсек, "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова 3-июнга караган түнү жол кырсыгына кабылып көз жумган. Маркум Ravon Nexia үлгүсүндөгү такси менен бара жаткан. Машина мүрзөнү бойлото тосулган дубалды сүзүп, дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү бөлүгү таптакыр жарабай калган.

EuroNCAP — Mercedes концернинин алдында автоунаалардын коопсуздугун сынап келет. Унаалар EuroNCAP методикасы менен төмөнкүчө текшерилет:

— унаага манекендер жайгаштырылат;

— унааны саатына 60 чакырым ылдымдыкта жүргүзүп, тоскоолдук менен кагыштырат;

— айдоочу менен жүргүнчүнүн ден соолугуна келтирилген залаканын деңгээли жана чыгымы эсептелет. Мындан тышкары, унаа капталынан урунганда, же башка авто менен кагышып, адамды сүзгөндө канчалык жабыркай турганы текшерилет.

EuroNCAP краш-тесттин жыйынтыгын Youtube каналына жүктөдү.

Автоунаа мүрзөнү тоскон дубалды сүзгөн. Сания Шакирова каза болгон кырсыктын чоо-жайы
Ага ылайык, унаа бет маңдай кагышканда кузовунун быт-чыты чыгып, 16 упайдан үч упайга татыган. Рулдагы манекендин башы менен төшү жабыркаган. Педалдын конструкциясы дагы бекем эместиги байкалып, манекендин буттары жабыркаганын көрсөткөн.

Ал эми жеңил унаа капталынан урунганда 17 упай алып, жакшыраак жыйынтык берген. Мындай кагышууда автокөлүк катуу жабыркаган эмес.