Радио

Боронбаев: Көчмөндөр оюнуна костюмдарды ата мекендик уздар даярдайт

Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Рыскул Боронбаев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына каражаттын тартыштыгына карабай даярдык жакшы экенин белгиледи.
Sputnik
Боронбаев: Көчмөндөр оюнуна костюмдарды ата мекендик уздар даярдайт

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий бөлүмүндө кийилчү костюмдарды, кодонулуучу ат жабдыктарын толугу менен ата мекендик кол өнөрчүлөр даярдайт. Бул тууралуу Рыскул Боронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каражат маселеси толук чечиле элек, долбоорду колдой турган ири демөөрчүлөр азырынча жок. Ошентсе да даярдыктар жакшы.

"Кырчын жайлоосуна киргенден баштап байыркы кыргыз айылына түшүп калгандай элес калтыралы деп жатабыз. Ар бир майда нерсеге көңүл буруп, аракеттенүүдөбүз. Мурдагы эки оюнга салыштырмалуу өзгөчөлүктөр көп эле болот. Мисалы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Стивен Сигал келсе, бул жылы он чакты дүйнө жылдыздарын чакырууну пландап жатабыз. Ал эми декоративдик буюмдардын баарын өзүбүздүн уз-чеберлер, усталар жасайт. Ал үчүн жакында тендер жарыяланат", — деди Боронбаев.

Ал ошондой эле оюн көргөнү келген элди да улуттук кийим кийүүгө чакырды.