Беш кенже эпостун аудио варианты даяр болду

Долбоор "Дастанчы" фондусунун демилгеси менен ишке ашып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. "Курманбек", "Кожожаш", "Жаныш-Байыш", "Карагул ботом" жана "Аксаткын менен Кулмырза" кенже эпосторунун аудио варианты жазылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ишти демилгелеген "Дастанчы" фондусунун мүчөсү Өмүрзак Кайыпов билдирди.

Аудио китептердин бет ачары Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө 5-июнда саат 13:00дө өтөт.

"Эпос каармандарынын үнүн өнөр жаатындагы инсандар коштоду. Бир жыл убактыбызды жумшадык. Эмгегибиз элге сиңет деп ойлойм", — деди Кайыпов.

"Манас" эпосу англис тилине которулуп, Amazon аркылуу сатылууда
Долбоор "Дастанчы" фондунун демилгеси жана эл аралык "Кристенсен" фондусунун каржылоосу менен ишке ашып жатат.

"Дастанчы" фондусун белгилүү өнөр адамдары Өмүрзак Кайыпов, ырчы Токтобек Асаналиев жана манасчы Самат Көчөрбаев негиздеген. Фонддун иши жаштар арасында манасчылык, дастанчылык жана ырчылык өнөрдү өркүндөтүүгө багытталган.

Баса, Sputnik Кыргызстан агенттиги да жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романынын аудио версиясын даярдаган.