Апта ирмеми: таштандыдан уя жасаган ак куудан командадан кеткен Зиданга чейин

Sputnik

"Реал Мадрид" футбол клубунун башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан командадан кете турганын жар салды.

АКШнын Гавайи аралдарында Килауэа жанар тоосу кыймылга келди.

Бишкекти Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай кайрымдуулук концерти өтүп, 800 миң сомдой түштү. Ал онкологиялык оорудан жабыркаган балдарды дарылоого жумшалат.

Празднование дня защиты детей в Бишкеке
Жүзүнөн балалыктын сүйкүмү кетпеген бөбөктөр. Бишкектеги майрамдык иш-чара
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолукту.

Афинада (Греция) жашоо шарттын начарлашына нааразы болуп митингге чыккандар полиция менен кагылышты.

Москвада "Русское радио сулуусу — 2018" жалпы россиялык сулуулук конкурсу жыйынтыкталды.

Копенгагенде ак куу таштандыдан уя жасап, балапан басып чыгарды.

Никарагуада бийлик тарабынан сунушталган реформа боюнча эки айдан бери жаңжал аяктай элек. Бийлик социалдык камсыздоо фондусуна төлөй турчу акчанын көлөмүн көбөйтүүнү сунуштаган.

Кореянын тхеквондисттери Рим Папасы Францисктин алдында Ватиканда өз өнөрлөрүн тартуулады.

Лос-Анжелесте (АКШ) The Empire Strips Back шоусу өттү.