Түндө "Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болду

Сания Шакирова 30 жашта болгон, артында үч баласы калды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү — 2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган Сания Шакирова жекшембиге караган түнү автокырсыктан көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агениттигинин кабарчысына коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, кырсык бүгүн түнкү саат экилер чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында болгон.

"Сания менен менин кичүү уулум Шабдан экөө абдан ынак эле. Телефондон бат-баттан сүйлөшүп турушчу. Кырсыкка күбө болгон адамдар Саниянын телефонундагы акыркы чалуулардын бири Шабдандын номерине болгонун көрүп, дароо эле уулума чалышыптыр. Мен бул суук кабарды эртең менен уктум", — деди Молдокматова.

Автоунаа мүрзөнү тоскон дубалды сүзгөн. Сания Шакирова каза болгон кырсыктын чоо-жайы
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы Сания Шакированын кабылган жол кырсыгын тастыктады.

Белгилей кетсек,  Сания Шакирова 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Ал мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек берип кеткен болчу.