Тамтыгы калбаптыр! Сания Шакирова кырсыктаган унаанын үрөй учурган сүрөттөрү

Автоунаанын дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү тулкусу таптакыр жалпайып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова баратып кырсыктаган автоунаа сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан жиберишти.

1 / 6
"Дүйнөнүн сулуу айымы" Сания Шакирова баратып кырсыктаган автоунаа сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынан жиберишти
2 / 6
Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан
3 / 6
Дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү тулкусу таптакыр жалпайып калган
4 / 6
Жол кырсыгы, кечээ 2-июнда болжол менен саат 21.20да Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болгон
5 / 6
Сания Шикирова Ravon Nexia үлгүсүндөгү такси менен бара жаткан
6 / 6
Машина мүрзөнү бойлото тосулаган дубалды сүзүп, ала салып кеткен.

Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан. Дөңгөлөктөрү эле соо калганы болбосо, үстүңкү тулкусу таптакыр жалпайып калган.

Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Жол кырсыгы, кечээ 2-июнда болжол менен саат 21.20да Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болгон. Сания Шикирова Ravon Nexia үлгүсүндөгү такси менен бара жаткан. Машина мүрзөнү  бойлото тосулаган дубалды сүзүп, ала салып кеткен. Салондо үч адам болгон. Кырсык болгон жерде Шакирова мүрт кетип, айдоочу менен дагы бир жүргүнчү ооруканага жактырылган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кырсыкка кабылган Ravon Nexia унаасы Namba Taxi компаниясына таандык экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Сания Шакирова үстүбүздөгү жылдын апрель айында Miss Universe Beauty-2018 (Аалам чүрөгү — 2018) эл аралык сынагында Missis World (Дүйнөнүн сулуу айымы) наамын жеңип алган. Ал 30 жашта эле, артында үч баласы калды. Мындан бир ай мурда Sputnik Кыргызстан агенттигине келип маек берип кеткен.