Улуттук университетте эң көп иштеген илимпоз көз жумду

Леонид Тузов 93 жашында дүйнө салды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Леонид Тузов 3-июнда  көз жумгандыгын Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин профсоюздук комитетинен Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Тузов 1925-жылы Пенза облусунда туулуп, кийин үй-бүлөсү Кыргызстага көчүп келген. 19  жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, Белоруссия, Польшадагы салгылаштарга катышкан.

Согуш 9-майда бүткөн эмес. Текселде аккан кан, өзүнө мүрзө казган жоокерлер
Согуштан кийин Педагогикалык институтту аяктаган Тузов Теоретикалык физика кафедрасынын алдындагы аспирантура бөлүмүнө кабыл алынган.

Ал Кыргыз улуттук университети ачылгандан ушул күнгө чейин эмгектенип келген жалгыз адис.

Тузовдун жетекчилигинин алдында окумуштуулар металл жана эриндилердин түзүлүштөрү жана рентген нурларнын таралыштары тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

70 жыдык өмүрүн илимге арналган Тузов ССРдин ждана Кыргызстандын алтын ордени, 16 медалы менен сыйланган.

Окумуштууну акыркы сапарга узатуу тажиясы 4-июнь күнү саат 11.00дө болот.