Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Дүйшөмбү, 4-июнь күнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын, тоолуу райондордо нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында аба ырайы күндүз 20…25, түнкүсүн 10-15 градус жылуу болот.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында бир аз салкыныраак, күндүзү 16…21, түнкүсүн 6-11 градус нөлдөн жогору.

Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн 13-15 градуска көтөрүлөт, күндүзү бул көрсөткүч +23..+25ке чейин жетет.

Бишкекте да күндүн жылуу болушу күтүлүүдө. Күндүзү 21…23кө нөлдөн жогору болгон күндүн илеби, түнкүсүн 9…11 градус болот.