БИШКЕК, 3-оюн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери менен футбол ойноп, дипломаттардан жеңилип калды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Алгачкы ирет достук жана ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлгөн мелдеш дипломатиялык өкүлчүлүктүн жеӊиши менен аяктады.
"Негизинен жаштардан куралган дипломаттардын футболчулары өз талаасында мыкты оюн көрсөтүп, эл өкүлдөрүн жеӊип алышты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары алгачкы оюндан алган шыктануунун демин суутпай, мындай мелдештерди байма-бай өткөрүп туруу демилгесин колдошту", — деп жазылат маалыматта.
Депутаттык команданын капитаны Жаныбек Бакчиев кийинки оюндарда топ тебүүгө кызыккан депутаттардын саны арбып, жолдоштук беттешүү салтка айлана турганын белгилеген.