Антонина Шевченко катыша турчу UFC турниринин проморолиги жарыяланды

"Эң жогорку мушкердик чемпионат" (UFC) спорттук уюму кыргызстандык Валентина Шевченконун эжеси Антонина Шевченко катыша турчу тандоо турнирдин расмий проморолигин жарыялады.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн — Sputnik. Видеоанонс UFC лигасынын расмий Twitter баракчасында жарыяланды. 

"Тайсон" Канат Келдибеков Чеченстандын "Ахмат" лигасы менен келишим түздү
​Антонина Шевченко UFC уюмунун "Дана Уайттын талапкерлери" (Dana White"s Contender Series) аталышындагы тандоо турнирине биринчи жолу катышат.

Антонина сиңдиси Валентина Шевченко сыяктуу эң жеңил салмакта (57 килограммга чейин) күч сынашат. Беттеш 26-июнга коюлган. Атаандашы бразилиялык Силвана Гомес Хуарез болмокчу.

Мындан сырткары, 3-июлда UFC тандоо турнирине кыргызстандык Рафаэль Физиев катышат.