Абу-Дабинин соту акча уурдоого аракет кылган 28 адамды жалпы 283 жылга кести

Соттолгондордун арасында Индия, Пакистан, АКШ, Канада жана Россиянын жарандары бар.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Абу-Дабинин соту кылмышка шектүү 28 адамды жалпы 283 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Khaleej Times басылмасына шилтеме кылып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, соттолгондор Бириккен Араб Эмиратынын банктарынын биринен электрондук которуу аркылуу мыйзамсыз түрдө 635 миллион дирхамды (170 миллион доллардан ашык) чыгарып кетүүгө аракет жасашкан.

Түштүк Кореянын экс-президенти Пак Кын Хе 24 жылга соттолду
Жоокерчиликке тартылгандардын арасында Индия, Пакистан, АКШ, Кадана жана Россиянын жарандары бар. Алардын сегизи 15 жылга, тогузу жети жылга жана 10 адамдын ар бири 10 жылга эркинен ажыратылды.

Ошондой эле аларга 170 миллион доллар өлчөмүндө айып салынып, банктан которуп кеткен тогуз миллион дирхамды төлөп берүүгө милдеттендирилди. Эркинен ажыратылгандар түрмөдө мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин кичи мекенине депортацияланат.