Ошто эң "күлүк" ымыркай аныкталды. Жарыштагы сүрөттөр

Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган иш-чарага бир жашка чыга элек 100дөн ашык ымыркай катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ошто жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты алгач ирет өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чара балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп, ага бир жашка чыга элек 100дөн ашык наристе катышкан. Жеңүүчү болуп биринчи келген 11 айлык Алихан Сатимбаев аталды. Экинчи орунду 10 айлык Адиля Ниматиллаева алса, үчүнчү орунга дагы бир 10 айлык Аруузат Соотбекова татыды.

1 / 3
Ошто жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты алгач ирет өткөрүлдү
2 / 3
Иш-чара балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп, ага бир жашка чыга элек 100дөн ашык наристе катышкан.
3 / 3
Жеңүүчү болуп биринчи келген 11 айлык Алихан Сатимбаев аталды. Экинчи орунду 10 айлык Адиля Ниматиллаева алса, үчүнчү орунга дагы бир 10 айлык Аруузат Соотбекова татыды.

Мелдеште жеңүүчүлөргө сыйлыктар ыйгарылып, ата-энелерине диплом тапшырылды. Андан сырткары, 30 шамдагай балага белек берилди. Ошондой эле Исхак Раззаков атындагы шаардык сейил бакка көрүүчү катары келген 500дөй балага бал муздак таратылды.

Эске сала кетсек, Бишкекте жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн чемпионаты алгачкы ирет өткөн жылы уюштурулган.