Ошто бөтөлкө менен башка жеп каза болгон кишинин сөөгү табылды

Окуяга карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ошто бир нече жолу бөтөлкө менен башка жеп каза болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине бакчанын ичинде кан жалап жаткан киши жөнүндө 31-майга караган түнү билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барып, маркумдун ким экендигин аныкташкан.

"Маркум киши колдуу болуп, бѳтѳлкѳ менен башына бир нече жол сокку жегени аныкталды. Анын моюну кесилип, жанынан шишенин сыныктары табылды. Иликтѳѳнүн натыйжасында маркум 42 жаштагы Кара-Суу районунун тургуну экени аныкталды", — деп жазылат билдирүүдө.

Кылмышка шектүү катары эч жерде иштебеген, бир жолу соттолгон 49 жаштагы М.А. аттуу киши кармалды. Ал күнѳѳсүн моюндап, ичимдик ичип отурган кезде ортодо пикир келишпестик чыгып бөтөлкөлөшүн шише менен башка чапканын айткан.

Шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам ѳлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.