Милиция Жалал-Абад шаарынан сойкукана жайын аныкташты. Бул тууралуу шаардын ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, милиция жергиликтүү тургундардын арыздануусунан улам 31-май күнү рейд жүргүзгөн.
"Жергиликтүү тургундар көрсөткөн үч дарек текшерилип, жыйынтыгында бир үйдөн төшөк кызматын көрсөтүп жүргөн төрт аял кармалды. Андан сырткары, акча жана спирт ичимдиктери табылган", — деп жазылат маалыматта.
Аталган факты боюнча Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү менен (Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) кылмыш ишин козгоду.