Бажы кодекси ЕАЭБдин кодексине дал келбейт. Биз дагы деле документтерди кагаз түрүндө чогултуп жүрөбүз. Мындай пикирин Назгүл Кыдыралиева Sputnik Кыргызстан радиосундагы "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЕАЭБдин башкы максаттарынын бири коррупцияга бөгөт коюу. Ал үчүн ишкерлерди тейлөөнүн бардык системасы санарипке өткөн.
"ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттер ортосунда бизнес алкагында абдан чоң мүмкүнчүлүктөр жана жеңилдиктер бар, бирок Кыргызстан аны колдонбой жатат. Биримдиктин талабына ылайык электрондошкон системага өтүшүбүз керек эле. Учурда мындай тартипке дары-дармек бизнеси гана өтүп жатат, башкасы мурдагыдай эле кагаз толтуруу менен алек. Анан да ЕАЭБ талап кылган айрым документтер биздин ички бажы кодексинде жок же тескерисинче кээ бир документтер ашыкча. Мунун артынан өзгөчө азык-түлүк ташыган ишкерлер жапа чегүүдө. Өлкөнүн биримдикке мүчө болгонуна бир жылдан ашык убакыт өтсө да, тиешелүү мамлекеттик органдардын эч кимиси үн катпаганы таң калтырат", — деди Кыдыралиева.
Ал мындай көрүнүш өлкөнүн беделине шек келтирерин кошумчалады.