Дүйнөдөгү жашоо эң кымбат деген шаарлар аныкталды

Сап башына Швейцариянын Цюрих шаары чыгып, бир айдагы чыгым орточо эсеп менен 291 миң сом болору айтылган.
Sputnik

БИШКЕК. 2-июн. — Sputnik. Дүйнөдөгү жашоо эң кымбат деген 10 шаарды швейцариялык UBS деп аталган финансы компаниясы аныктап чыккан. Бул туурасында аталган уюмдун сайтында маалымдалды. 

Компания кызматкерлери ири шаарлардагы 15 кесиптин өкүлдөрүнүн айлыктарын жана 128 ар кыл азык-түлүктөрдүн, көрсөтүлгөн кызматтардын баасын тизмектеп чыккан.

Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг
Адистер андан сырткары, 77 калаанын жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн эске алган. Маселен, Тель-Авивде чочконун этинин желбегендиги, ал эми москвалыктардын басымды кофеге эмес, чайга басым коеру сыяктуу учурлар эске алынган.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, сап башына Швейцариянын Цюрих шаары чыгып, бир айдагы чыгым орточо эсеп менен 4260 доллар (291 миң сом) болору айтылган. Андан кийинки орунга ушул эле мамлекеттин Женева шаары чыккан. Адистер чач кестирүү (20 пайызга) жана электрондук (16 пайызга) буюмдар Цюрихке караганда бул жерде арзан экендигин эсептеп чыккан.

Ошентип, ондукту төмөнкү шаарлар ээледи.

1. Цюрих
2. Женева
3. Осло
4. Копенгаген
5. Нью-Йорк
6. Токио
7. Милан
8. Лондон
9. Чикаго
10. Хельсинки

Буга чейин Дүйнөдө төгөрөгү төп келген пляждар кайда экени айтылган.