Бишкекте эки унаа кагышты. Жеринен тартылган сүрөт

Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочулардын бири мас абалында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июн. – Sputnik. Жаш Гвардия проспектисинде (Жибек Жолу менен кесилишкен жер) эки унаа кагышты. Бул тууралуу ЖКККББдан маалымдашты. 

Окуя бүгүн, ишемби күнү эртең менен болгон. Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыкканда Audi менен кагышкан. 

Последствия ДТП в Бишкеке

Audi автокөлүгүнүн айдоочусунун буту жабыркап ооруканага жеткирилген. Кырсык болгон жерде кайгуул милициясы иш алып барууда. 

Алдын ала маалыматтар боюнча Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу мас абалында болгон.