Жээнбеков онкологиялык ооруканада дарыланып жаткан балдарга 2,4 миллион сом бөлдү

Каражат менен балдарга арналган белектерди бүгүн 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата тапшырышты.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук онколология жана гематология борборунда дарыланып жаткан балдар үчүн дары-дармек сатып алуу үчүн 2,4 миллион сом бөлгөнүн өлкө башчынын маалымат кызматнан билдиришти.

Каражат президенттин социадык коргоо фондунан алынды.

Аталган каражат менен балдарга арналган белектерди бүгүн 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев борбордун жетекчисине тапшырды.